2024-04-26

Карылар бизге аманат!!!


2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетибиздин каржылык колдоосу менен Кесиптик колледжинин мүдүрү доц.м.а. Махмут Вурал, мүдүрдүн орун басары к.и.к. Гүлмира Ажыгулова жана  доц.м.а.  Гүлнара Карадениз “Үмүт” карылар үйүнө зыяратка барып келишти.  Бул зыяратта карылар үйүнүн муктаждыктарына ылайык тазалоочу каражаттар жардам катары берилди.

Иш сапардын жүрүшүндө карылар үйүндөгү бөлмөлөр кыдырылып, төшөктө жаткан жана коляскадагы бейтаптар зыярат кылынды. Бул иш-чара университетибиздин коом алдындагы социалдык жоопкерчилик долбоорлорунун бири катары өткөрүлдү.